Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

Жалал-Абад: төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнө нааразылык пайда болду


Шаардын Тайгараев айыл аймагынын жашоочулары жер үлүштөрүнө социалдык төлөмдөрүнүн жогорулашына байланыштуу жер иштетүүдөн баш тартарын айтышууда. Мындай пикирин жергиликтүү тургундар аймактагы жыйын учурунда билдиришти.

Социалдык камсыздандыруу тарифи жөнүндөгү мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, жер иштеткендер суулуу аяттагы айдоо жерлерине буга чейин гектарына 414 сомдон төлөп келишсе, эми анын наркы 5 миң сомго чейин жогорулаган.

Жалал-Абад шаардык Социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Рустамбек Тургуновдун айтымында, бул өзгөрүүлөр келечекте жер иштеткендердин пенсиялык төлөмдөрүн жакшыртуу үчүн киргизилген. Аймакта 1800 түтүн калк жашайт жана 850 гектар жер үлүшү бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG