Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:16

Түркия президенти саясий партияларды өкмөттү тез арада курууга чакырды


Режеп Эрдоган сүйлөп жаткан учур. Анкара, 11-июнь, 2015-жыл.
Режеп Эрдоган сүйлөп жаткан учур. Анкара, 11-июнь, 2015-жыл.

Режеп Тайып Эрдогандын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, саясий партиялар жеке амбицияларын артка таштап, өкмөттү мүмкүн болушунча тез куруусу керек.

Телекайрылуусунда түрк президенти ошондой эле өлкөнү саясий белгисиздикте таштагандарга тарых баа берерин да эскертип өттү.

Эрдогандын “Адилетүүлүк жана өнүгүү” же АК партиясы 2002-жылдан бери биринчи ирет өткөн жекшембидеги шайлоодо парламенттен көпчүлүктү ала албай калды.

Бул шайлоодо парламентке кирген үч оппозициялык партиянын бири да азырынча АК партия менен коалицияга кошулуу ниетин билгизе элек.

Премьер-министр Ахмед Давутоглы бүгүн, эгер коалиция боюнча сүйлөшүүлөр майнап бербесе, кайра чукул шайлоо жарыялануусу мүмкүндүгүн жокко чыгарбады. (UE)

XS
SM
MD
LG