Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:56

Кечиккен космонавттар Казакстанга келип түштү


Америкалык Терри Вертс, орусиялык Антон Шкаплеров жана италиялык Саманта Кристофоретти эл аралык космос станциясында мерчемделгенден бир айга көп кармалышты.

«Союз» кемесинин Орбитада 199 күн өткөрүшкөн космонавттарды салган аппараты бүгүн Казакстандын аймагына ийгиликтүү конду. Алардын Жерге кайтуусу «Прогресс» жүк ташуучу кемеси аварияга учурашынан улам кечикти.

Быйыл 28-апрелде Байконурдан учурулган «Прогресс» кемеси 8-майда кыйрап, эл аралык космос станциясына жете албай калган эле.

Кечигип кайтуудан улам италиялык Саманта Кристофоретти эл аралык космос станциясында эң көп иштеген аял катары жаңы рекордду да багындырды. Буга чейинки рекорд америкалык Суните Уильямска таандык болчу. Ал 2007-жылы Эл аралык космос станциясында 194 күн иштеген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG