Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:44

Түштүк Кореяда MERS вирусун жуктургандар көбөйүүдө


Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги "Жакынкы Чыгыш респиратордук синдромунан" он адам кайтыш болгонун билдирди. Илдет жуккандардын расмий саны 126га жетти. 2000ден ашуун адам карантинде турат.

Европадагы Илдетке байкоо жүргүзүү жана алдын алуу борборунун эсебинде Түштүк Корея бул вирусту жуктургандардын саны боюнча Сауд Арабиясынан кийинки экинчи орунда турат.

Дүйнө жүзү боюнча MERS вирусунан 449 адам көз жумган. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG