Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:08

Ошто Тургунбай Эргешовдун айкели орнотулду


Тургунбай Эргешовдун дептериндеги уулуна жазган ыры

Тургунбай Эргешовдун дептериндеги уулуна жазган ыры

Бүгүн таланттуу акын Тургунбай Эргешовдун айкели орнотулду. Айкел Кара-Кулжа районундагы борборлоштурулган китепкананын “Атактуулар аллеясына” коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” акындын өмүрүн жана чыгармачылыгын изилдеп келаткан элеттик мугалим Бакыт Абдразаков кабарлады.

Абдразаковдун айтымында, акындын чыгармачылыгына болгон окурмандардын жана адабиятчылардын кызыгуусу ал көзү өткөндөн кийин бир топ жылдан кийин башталды. Эргешовго айкел орнотуу, чыгармаларын китеп кылып чыгаруу демилгеси буга чейин анын чыгармачылыгы боюнча өткөн илимий-практикалык конференцияларда белгиленген.

Тургунбай Эргешов 1948-жылы Кара-Кулжа районундагы Буйга кыштагында туулуп, 35 жашында каза болгон. Көзү тирүүсүндө калемгердин бир да китеби басылып чыккан эмес. Кийин ырлары эл ичинен жыйналып, 1993-жылы “Өлбөгөн жанга жаз келер” 2006-жылы “Булбулдардын тукуму аз” деген аталышта китеп болуп чыккан. Эки жыл мурун “Сүйүнчү”, кечээ жакында “Тандалган жүз ыр” аттуу ыр жыйнагы жарык көрдү.(ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG