Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:30

Кадыралиеванын дагы бир агасынын иши сотко өттү


Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын ага-иниси Уланбек жана Канжар Кадыралиевдерге тиешелүү кылмыш иштер бириктирилип, сотко өткөрүлдү.

1973-жылы туулган Уланбек Кадыралиевге прокуратура бейбаштык беренеси боюнча 2014-жылы иш козгогон. Анын баш коргоо чарасы өлкөдөн чыкпоо тил каты менен алмаштырылган.

Депутаттын иниси, мурдагы прокурор Канжар Кадыралиевге болсо Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык, опузалоо жана өзүмбилемдик беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Алгач тергөөгө келбей койгондуктан, ага эл аралык издөө жарыяланган. 10-апрелде Бишкек шаардык соту саламаттыгы начар деген жүйөө менен үй камагына бошоткон. Жогорку Сот аталган токтомду жокко чыгарып, 22-апрелде аны №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарган. Бирок бул токтом ушул күнгө чейин аткарыла элек. (UEz)

XS
SM
MD
LG