Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Молдованын премьер-министри кызматтан кетти


Кирилл Габурич
Кирилл Габурич

Молдованын өкмөт башчысы Кирилл Габурич жогорку билими тууралуу дипломуна байланыштуу 11-июнда сурак бергенден кийин бүгүн кызматтан кетээрин жарыялады.

Габурич анын дипломуна байланыштуу суроолор “саясий оюндардын куралына” айланганына өкүнгөнүн айтып, азырынча өз дарегине айтылган айыптоолор боюнча пикирин билдире элек.

Габурич саясатчы эмес менеджер экенин белгилеп, өлкөнүн саясий системасын өзгөртүү керектигин айтты.

38 жаштагы европачыл көз караштагы ишкер премьер-министрлик кызматка февраль айында келген.

Ушул аптанын башында Габурич мамлекеттик прокурор менен борбордык банктын башчысын Молдовадагы үч банктан жоголгон 1 миллиард доллардын изин таба албаганы үчүн кызматтан кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG