Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:23

Украина чыгышындагы атышуулардан газ түтүгүн өрт чалды


Луганск облусунда жикчилдер менен украин аскерлери ортосунда атышуу уланып жатат. Бейшембинин түнүндөгү салгылашта төрт украин аскери жаракат алганын облустун аппарат жетекчиси Геннадий Москаль билдирди.

Маалыматтарга караганда, жикчилдер украин аскерлерине каршы Минск келишиминде тыюу салынган гранатомет, миномет жана артиллерия колдонушкан.

Атышуулардан Донецктеги газ түтүгүнөн катуу өрт тутанган. Ок атышуулар куткаруучуларга тоскоолдук жаратып жатканы айтылууда. Азырынча өрттөн жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Украина чыгышындагы атайын штабдын өкүлү май айында өлкө чыгышындагы атышуулар 25 пайызга көбөйгөнүн айтууда. Анын маалыматында күнүнө 60тан 80ге чейинки атышуу орун алууда.

XS
SM
MD
LG