Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:01

Армениянын олимпиада комитетинин жетекчиси Бакуга барбайт


Армениянын Олимпиада комитетинин президенти Бакуда өтчү Европа оюндарынын ачылуу аземине катышпайт. Гагик Царукян коңшу эки өлкөнүн суз мамилесинен улам 16 күндүк мелдештерге баруудан баш тартты. Анткен менен Армения спортчуларын Европа оюндарына жиберүүнү чечкен.

Европа оюндарынын комитетинин президенти Патрик Хикки болсо бизнесмен Царукян ишинин көптүгүнөн Бакуга келе албай калганын айтып, кырдаалды жөндөөгө аракеттенди.

Армения менен Азербайжандын мамилесин Тоолук Карабахтагы жаңжалдын айынан жакшы деп айтууга болбойт.

Биринчи Европа оюндарына катышуу үчүн Азербайжанга алты миңдей спортчу келүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG