Чукул билдирүү
14-15-июнда мезгили-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет. 15-июнда абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 18…23, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 22…27, тоо этектеринде 15…20, бийик тоолуу райондордо 3…8 градус жылуу болушу күтүлөт.
2015-жылдын 14-16 июнунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
13- июнда айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда 14…19, 30…35;
Талас облусунда 1…18, 30…35;
Баткенде 12…17, 29…34;
Ош, Жалал-Абадда 15…20, 31…36;
Ысык-Көлдө 6…11, 18…23;
Нарын облсусунда 2…7, 23…28;
13-июнда Бишкек шаарында батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 32…34 градус жылуу болушу күтүлөт.