Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:59

ЕБ Борбор Азия өлкөлөрүн адам укуктарын жакшыртууга түртөт


Европа Биримдиги Борбор Азияда “адам укуктарын олуттуу жакшыртууга” багытталган аракеттерди көрүүнү пландап жатканы боюнча документ “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун колуна тийди.

“Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясы” деп аталган документти биримдиктин тышкы иштер министрлери 22-июндагы жыйында бекитишет. 2007-жылы кабыл алынган биримдиктин Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен алакасындагы ар кыл багыттарын аныктаган документ жаңыланат.

Документте адам укуктары боюнча кыска айтылса дагы европалыктар Борбор Азия өлкөлөрүндө адамдардын ээн-эркин чогулуусу, сөз эркиндиги, диний эркиндиктер жана аялдардын, балдардын, улуттук азчылыктардын укуктарын бекемдөө каралган. Ошондой эле кыйноолорду азайтууда ыкчам аракеттерди көрүү керектиги белгиленет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG