Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

МАИнин огунан жаш жигиттин өмүрү кыйылды


Жол-кайгуул кызматкерлери, Бишкек. 2012-жыл.
Жол-кайгуул кызматкерлери, Бишкек. 2012-жыл.

Ички иштер министрлиги милициянын айдоочуга ок чыгарышы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодск айылында 11-июнда жол эрежесин бузду деген адам жол-кайгуул кызматкеринин огунан ажал тапты. Коомчулукта бул окуя тартип коргоо органдарына карата дооматты күчөттү.

Ички иштер министрлиги бул окуяны кокустук деп атап жатат. Министрликтин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун түшүндүрмөсүнө ылайык, “Ниссан-Альмера” үлгүсүндөгү унаанын 23 жаштагы айдоочусу жол эрежесин бир канча ирет бузган жана токто деген буйрукка баш ийбей качканга аракет кылган:

- Жол-кайгуул күзөт кызматкерлеринин мыйзамдуу талабын укпай, тоготпой качкан мезгилде алар аркасынан кууп барып эскертүү иретинде ок чыгарган. Бирок айдоочу аны тебелегенге аракет кылганда эскертүү үчүн ок чыгарган тапанча кокусунан атылып кеткен. Ок айдоочуга тийип, ал ооруканага жеткенде каза болду.

Бул факт боюнча Москва райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулова милициянын куралсыз адамга ок чыгарышын жана бул окуянын “кокустук” деп сыпатталышын сынга алды:

- Ок кокустан атылбайт. Ок атылгандан мурда тапанчаны кабынан чыгарыш керек, аны атууга даярдаш керек, анан атылат. Ок атылгандан мурун үч аракет жасалышы керек. Анан тапанча колуна кокустан кармалып калып, октолуп анан атылып кетеби? Мен булардын айткандарын түшүнө албай жатам. Булар болсо атып коркутабыз деп атайын эле кылышкан. Жол-кайгуул кызматында ушундай окуялар көп болуп атат. ММК мындай маселелерди көбүрөөк көтөрүп, коомчулуктун көңүлүн бурбаса болбой калды. Мындай окуялар милициянын жетекчилигинен, өкмөттүн маселелерге көңүл бурбаганынан болуп жатат.

Ички иштер министринин мурунку орун басары, Улуттук оппозициялык кыймылдын төрагасы Кубанычбек Кадыров курал колдонуу боюнча мыйзамдын жоболорун белгиледи. Ал мындай окуялардын алдын алуу иштерине көбүрөөк басым жасалышы керектигине токтолду:

- Мыйзамда милицияга баш ийбей, кол көтөрүп, тоскоол кылып, денесине залал келтиргенде курал колдонсо болот. Бизде азыр эч ким эч кимге баш ийбей анархия болуп жатпайбы. Мыйзам иштеши керек. Милициянын баарын жаман дегенден алысмын, бирок арасында акмактар көп. Эми ушундай окуялар болгону албетте жаман. Милиция деле элден чыккан, Кыргызстандын жараны, алар деле эми арыдан бери болушу керек.

Учурда каза болгон жигиттин туугандары милиция кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпташып жатканы маалым болду.

Милиция кызматкерлеринин курал колдонушу боюнча өткөн айда да чуулгандуу окуялар катталган эле. Бишкектин Ленин райондук милициясынын эки кызматкери тоодо эс алуу маалында бычакташып, бирөө жарадар болгон. Андан мурдараак Чүй облустук жол кайгуул кызматынын эки кызматкери чырлашып, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып жиберген. Бул окуя өкмөттө да талкууланып, премьер-министр Темир Сариев милициядагы тартипти сынга алган болчу.

XS
SM
MD
LG