Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Нарын дарыясына түшүп кеткен адам үч күндөн бери табыла элек


10-июнь күнү Нарын районунун Таш-Башат айылынан Нарын дарыясына кулап кеткен 46 жаштагы Эсенаалы Мамбеткулов үч күндөн бери табыла элек. Бул тууралуу анын иниси Жанболот уулу Бекназар "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, агасы "Бугу-Марал" мамлекеттик коругунда иштечү жана окуя болгон түнү жумушта болчу. Ал ат минип Нарын дарыясынын кечмелигинен аркы өйүзгө өтүп бара жаткан жеринен агып кеткен.

Учурда Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары аны издеп жатышат. Маалыматтар боюнча Нарын дарыясы кирип жаткандыгына байланыштуу Ак-Талаа айылына чейин агып кетиши мүмкүн. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG