Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:29

Боснияда ардагерлер согуш командирин коргоп чыгышты


Сараеводо жүздөгөн согуш ардагерлери 10-июнда Сербиянын өтүнүчү боюнча Швейцарияда камакка алынган Насер Оричти коргоп чыгышты. Белград согуш командири 1992-жылы Сребренницага жакын жерде ондогон серб жарандарын өлтүргөн деп күнөөлөйт. 1995-жылы бул жерде серб күчтөрү 8 миңден ашуун босниялык эркектер менен балдарды жок кылган.

12-июнда Сараеводо нааразылыкка чыккандар Оричти тезинен бошотууну талап кылып, 2008-жылы Улуттар Уюмунун трибуналы аны согуш кылмыштарына тиешеси жок деп тапканын жүйө кылууда.

Швейцариянын бийликтери болсо Сербиянын Оричке каршы ачкан иши Улуттар Уюмунун соту чечим чыгарган ишпи же башкабы - териштире турганын билдирет.

Босниядагы согуш аяктаганына 20 жылдан ашса дагы өлкөдө саясий жана этностук ажырым күч, мусулмандардын Босния-Хорватия Федерациясы жана Босниянын Серб Республикасы деп бөлүнөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG