Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Исламабад “Балдарды сактоо” уюмунун кеңсесин жапты


Исламабаддагы "Балдарды сактоо" уюмунун кеңсеси, 12-июнь, 2015
Исламабаддагы "Балдарды сактоо" уюмунун кеңсеси, 12-июнь, 2015

11-июлда Пакистан бийликтери “Балдарды сактоо” (Save the Children) уюмуна өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берип, анын ишмердүүлүгүн “Пакистанга каршы” деп айыптады.

Полиция Исламабаддагы кеңсенин эшигин чаптап, чет элдик кызматкерлерге 15 күндүн ичинде өлкөдөн чыгып кетүүнү эскертти. Кайрымдуулук уюм болсо буга чейин эч кандай эскертүү болбогонун жана “мындай чечимге” камтама болуп турганын билдирет.

Пакистан бийликтери “Балдарды сактоо” уюмун АКШнын атайын кызматтары менен байланыштырып, уюмдун дарыгерлери эмдөө иштерине тартылды деген жалган жабуу менен "ал-Каиданын" лидери Усама бен Ладенди жок кылган деген көз карашта. Кайрымдуулук уюм болсо атайын кызматтар жана дарыгер Шакил Африди менен байланышы жоктугун айтып келет. Эмдөө жүргүзүүгө тартылган Африди Пакистандын атайын кызматтарына сурак бергенде аны Кошмо Штаттар “Балдарды сактоо” уюмунун жогорку жетекчилеринин бири аркылуу Бин Ладенди табууга жалдаганын айтып берген.

Пакистан бийликтери болсо кайрымдуулук уюмунун өлкөдө иштөө мөөнөтү 15-майда аяктаганын билдирет.

XS
SM
MD
LG