Линктер

жекшемби, 30-апрель, 2017 Бишкек убактысы 13:33

ИИМдин Жол кайгуул кызматынын маалыматында, негизинен Чүй, Тоголок Молдо, Фрунзе жана Панфилов көчөлөрүндөгү ай жерлер жабылат. Ал эми Киев, Исанов, Орозбеков жана Жибек - Жолу проспектисинде Жол кайгуул кызматынын посттору коюлат. Жол көзөмөл кызматы футболдук мелдешке шаар тургундарын коомдук унаа менен келүүнү суранат.

16-июнь күнү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, билеттер 12-июнь күнү сатылды. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтөт.

11-июнда кыргызстандыктар Бангладеш курамасын 3:1 эсебинде утуп алган. Оюн Дакка шаарындагы «Бангабагду» стадионунда өткөн.

Кыргызстан Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр арасында тандоодо В тайпасында ойноп жатат. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG