Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:07

Балыкчыда граната жарылып, бир өспүрүм каза тапты


Балыкчыдагы жарылуудан 13 жаштагы бала каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ кечинде саат ондор чамасында Балыкчы шаарынын Кызыл-Омпол көчөсүндө жайгашкан үйдө граната жарылып, бала окуя болгон жерде жан берген.

Анын 14 жаштагы аталаш бир тууганы шаардык ооруканга жеткирилип, учурда реанимация бөлүмүндө. Жабыркагандардын арасында балдардын эжеси да бар. Ал да жаракат алганы айтылууда. Маалыматтарга караганда, жарылуу болгон үйдө эки граната болгон. Аны үйдүн 17 жаштагы тургуну мындан эки жыл мурун досунун үйүндө ойноп жатып картошка сактаган жер төлөсүнөн таап алган. Гранаталарды үйүнө алып келип, сарайдагы орок-балта салган көөрүккө катып койгон.

Кечээ аны сарайда ойноп жатып кырсыкка кабылган эки бала гранатаны таап алып, жардыруучу сабын тартып жиберген. Ысык-Көл облустук ИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдиргендей, учурда аталган факты боюнча иликтөө иштери башталып, кылмыш ишин козгоо каралууда. (AsA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG