Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:35

Конгресстеги демократтар Обаманын мыйзамын кабыл алышпады


Америка Кошмо Штаттарынын мыйзам чыгаруу палатасындагы демократтар президент Барак Обама сунуштаган эл аралык соода келишимдерине президент эркин кол коё алган макам берүүчү мыйзамды кабыл алышкан жок.

Формалдуу түрдө демократтар АКШдагы өндүрүштүн төмөндөөсүнөн улам жумушунан айрылган атуулдарга компенсация төлөп берүү мыйзамын четке кактык дешүүдө, бирок ушул эле мыйзамга каршы чыккандар Тынч океан өнөктөштүгүнүн алкагында эркин соода келишимге кол коюуну кабылдабай турганын билдиришти.

Ал эми Барак Обама бул келишимге кол коюлса бийликте турган учурундагы эң маанилүү окуя болмок деп эсептейт. Бирок Демократтар партиясынын “прогрессивдүү” канаты кесиптик кошуундардын жардамы менен эл аралык соодадагы либералдашуу процессине, америкалыктарга пайдалуу эмес деп тоскоол болуп жатат.

Бул мыйзам долбоорун Сенаттын жогорку палатасы колдойт, себеби жогорку палатадагы Республика партиясынын көпчүлүгү Тынч океан аймагында эл аралык сооданын өнүгүүсүн көздөйт. (BCh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG