Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:04

Укук коргоочу Эмин Гусейнов Бакудан Швейцарияга чыгып кетти


Азербайжандык журналист жана укук коргоочу Эмин Гусейнов азербайжан бийлигинин куугунтугунан улам Швейцария элчилигинин көмөгү менен Бакудан чыгып кетти.

Маалыматка ылайык Гусейнов швейцариялык элчи Дидье Буркхальтером менен чыгып кетти. Элчи Бакуга Европалык оюндардын ачылышына келген эле.

Гусейновдун Азербайжандан чыгып кетиши Швейцариянын азери бийликтери менен бир нече ай сүйлөшүүсүнөн кийин ишке ашып отурат.

Ушул жылдын сентябрь айына чейин Швейцария 35 жаштагы укук коргоочуга саясий качкын макамын суроого убакыт берет.

Эмин Гусейнов - Кабарчылардын эркиндиги жана коопсуздугу институтунун негиздөөчүсү жана жетекчиси. Бейөкмөт институт Азербайжан президенти Илхам Алиевдин өкмөтүн өлкөдө сөз эркиндигине кысым көрсөтөт деп сындап жүрчү.

2008-жылы полициянын кызматкерлери аны сабап, өлтүрөбүз деп коркуткандан кийин ооруканада жатып дарыланган. Гусейновду жана башка адам укугун коргоочуларды бийликтин куугунтуктоосун буга чейин Эл аралык мунапыс уюму бир нече жолу сындаган.

Гусейнов 7-июлдан тарта бир нече жолу тергөөгө чакырылганда сурактан качып, Бакудагы Швейцария элчилигине кире качкан. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG