Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:00

Бишкекте күбөлөрдүн коопсуздугу боюнча конференция өтөт


18-19-июнь күндөрү Бишкек шаарында тергөө учурунда күбөлөрдү жана жабырлануучуларды коргоо боюнча эл аралык илимий-практикалык конверенция өтөт.

Уюштуруучулардын айтымында, анда соттук териштирүү, кылмыш иштерин иликтөө учурунда күбөлөрдүн, айыпталуучулардын жана башка ишке байланышы бар жарандардын коопсуздугун сактоо боюнча негизги көйгөлөр талкууланат.

Конференцияны ОБСЕ Ички иштер министрлиги менен бирге уюштурууда. Өткөн жылы ИИМде атайын күбөлөрдү коргоо башкармалыгы ачылган. Укук коргоочулар айрыкча уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө байланышкан сот иштеринде күбөлөрдүн, жабырлануучулардын коопсуздугу коркунучка туш болот деп келишет. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG