Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Каржы министрлигинин "Ачык бюджет" порталы ишке кирди


Каржы министрлигинин "Ачык бюджет" деп аталган интернет порталы кайрадан жанданды. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Бул интернет сайтта республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин чыгаша жана киреше бөлүктөрү автоматташтырылган система түрүндө жаңыланып, жарандар жана мекемелер мамлекеттик бюджеттин аткарылышын сайт аркылуу көрө алышат. Ал онлайн түрүндө казынанын автоматташтырылган системасынан маалыматтарды алуу менен жаңыланып турат. Бирок, ага Кыргызстандын мыйзамдары менен чектелген мааалыматтар жарыяланбайт.

Аталган портал 2012-жылы бюджеттин ачык-айкындуулугу үчүн түзүлгөн. Бирок, мыйзамдагы карама-каршылыктардан улам салык кызматы аталган сайтты жабууну сунуштап, 2015-жылдын апрель айларында сайт ишин токтоткон. Парламент сайттын иштешине каршы келген мыйзамга толуктоолорду киргизип, ал кайрадан иштеп баштады. ( TSh)

XS
SM
MD
LG