Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:07

Хакасиядагы “От ыры -2015” сынагында кыргызстандык ырчы жеңишке жетти


Хакасия республикасынын Абакан шаарында өткөн “От ыры-2015” этникалык ырлар сынагында кыргызстандык аткаруучу Адилет Азимов баш байгени жеңип алды. Бул тууралуу Адилет Азимов өзү “Азаттыкка” маалымдады.

Абакан шаарында 8-13-июнь күндөрү өткөн төртүнчү эл аралык этникалык ырлар сынагына белгилүү ырчы Айчүрөк Иманалиева Адилет Азимовду жана “Асман” тобун алып барган. Ошондой эле Айчүрөк Иманалиева Кыргызстандын атынан калыстар тобуна мүчө болгон.

“От ыры” үч жылда бир ирет өтүүчү этникалык ырлар сынагы. Ага Азербайжан, Казакстан, Монголия, Башкыртстан, Алтай, Якутия жана Татарстан сыяктуу өлкөлдөрдөн ырчылар катышат. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG