Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Казакстанда камакта жаткандардын жакындары жардам сурайт


Казакстандын Тараз шаарынын тергөө абагында кыргызстандык 13 айдоочу бир жылдан бери кармалып турат. Айдоочулар жүк ташуучу 14 машине менен Бишкектен Казакстанга кийим-кече ташып баратышканда аткезчилик деген айып менен өткөн жылдын 9-апрелинде кармалышкан.

- Алар күнөөсүз эле жатышат. Сот эми Алматы шаарына которулду, бирок, бошотушпайт окшойт. Кыргызстандын Казакстандагы элчилигине, тиешелүү органдарга, президентке кайрылдык, эч кандай жардам болбой жатат”- деди айдоочулардын биринин жубайы Изат Сапар кызы.

Буга чейин Тышкы иштер министрлиги “Азаттыкка” бул боюнча өлкөнүн Казакстандагы баш консулу иштеп жатканын маалымдаган эле.

14 айдоочунун бири качып кетип ошол боюнча дайыны белгисиз. 13 кыргызстандыкка аткезчилик кылган, чек араны мыйзамсыз өткөн жана уюшма кылмыштуу топтун мүчөлөрү деген беренелер боюнча айып тагылууда. Кармалгандар жалданма айдоочулар болгонун айтышкан. Ал эми товарлардын ээлери милиция унааларды текшерип жаткан учурда качып кетишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG