Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:50

Тбилисиде суу ташкынынан тогуз адам набыт болду


Маалыматтарга ылайык, дагы сегиз адамдын дайыны чыкпай жатат. Шаар мэри ондогон үй-бүлөлөр үй-жайсыз калганын билдирди.

Грузиянын борборунда нөшөрлөп жааган жаандан улам ондогон үйлөрдүн биринчи кабаттарын, жер төлөлөрдү суу каптап, унаа жолдорду, электр зымдарды керектен чыгарды.

Вера дарыясы ташкындап, үйлөрдү, авто-унааларды агызды. Шаарда жайгашкан зоопарктын бир бөлүгү сууда калып, өлгөндөрдүн арасында зоопарктын эки кызматкери бар. Андагы айрым жаныбарлар өлүп, бир канча жолборс жана аюу качып кеткени айтылууда. Алардын айрымдары кармалса, кээ бир жапайы жаныбарларды атып салууга мажбур болушкан. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG