Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Судандын президентине Түштүк Африкадан чыгууга убактылуу тыюу салынды


Омар ал Башир

Омар ал Башир

Түштүк Африканын соту Судандын президенти Омар ал Баширди өлкөдөн чыгарбоо чечимин узартты. Судьянын айтымында, ал жакта Африка саммитине катышып жаткан президентти Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүү же өткөрбөө чечими кабыл алынмайынча, Башир Түштүк Африкада кала бермекчи. Ал 2009-жылы Дарфурдагы согушка катыштыгы бар жана адамзатка жасаган кылмыш - геноцид үчүн айыпталган.

Президентти камоо арызы боюнча соттук угуу дүйшөмбү күнү өтмөкчү. Бирок Түштүк Африка саммиттин бардык катышуучуларына кол тийбестик ыйгарган.

Дарфурдагы жаңжал 2003-жылы козголоңчулар Баширге каршы көтөрүлгөндө тутанган. БУУнун маалыматы боюнча, анда 300 миңге чукул киши каза тапкан, эки миллиондой адам жер которгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG