Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Токмокто окуучу адам өлүмү үчүн шектелүүдө


Токмок шаарында 25 жаштагы О.У аттуу жаранды өлтүрдү деген шек менен 16 жаштагы М.Б аттуу окуучу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынан кабарлашты.

Милицияга Токмоктогу райондордун биринде катуу сабалган жаран жөнүндө маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери ал жерге барган учурда Арпа-Тектир айылынын тургунунун жансыз денесин табышкан. Анын денесинде жана бетинде көптөгөн жаракаттар болгон.

Учурда Кылмыш-жаза кодексинин денеге атайылап оор жаракат келтирүү беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG