Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

Атамбаев Ошто аскер кызматкерлерине салынган үйдүн ачылышына катышты


Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо министрлигине караштуу Ош горнизонунун аскер кызматкерлерине салынган 80 батирлүү үйдүн ачкычын тапшырды. Ал салынган үйдүн балдар ойноочу аянты тар болуп калганын айтып, мамлекеттен 500 миң сом бөлүп берээрин убада кылды. Ошондой эле өлкө башчысы буга чейинки бийликтин аскер саясатын сынга алды.

Ал сөзүндө кийинки жылдары Ошто 200 батирлүү үй жана аскерлерге үстү жабык спорт зал куруулары пландалып жатканын айтып өттү. Аскер адамдарын улуттар аралык мамилени чыңдоого салым кошууга чакырды. Буга чейин Ош гарнизонунда 200дөн ашык кызматкер шаардан батирлерди ижарага алып жашап келишкен.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн бир күндүк иш сапар менен Ош облусунда жүрөт. Ал Ош-Ноокат жолунун абалын көрүп, Ноокат райондук аймактык ооруканасына барып, бейтапкананын шарттары менен таанышат. (YI/TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG