Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Журналист Улугбек Бабакуловду УКМК чакырды


“МК-Азия” гезитинин редактору Улугбек Бабакуловду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кеңсесине 13-июнда чакыртылып, сурак берди. Бабакуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда буга “Кырк чоро” коомдук уюмунун УКМКга берген арызы негиз болгон. "Кырк чоро" болсо КТРКда декабрда чыккан "Тоолуктардын ток шоусу" программасын сынга алган журналисттин макаласына даттанган. Май айынын этегинде жарыяланган гезит баян КТРКнын теледолбоорунун декабрдагы чыгарылышын кескин сындаган.

Улугбек Бабакуловдун айтымында Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери гезитке аталган макала эмне максатта жазылганына, эмне үчүн учурунда жазылбаганына кызыккан.

Коомдук каналдан декабрда чыккан "Тоолуктардын ток шоусу" программасында жазуучу, тарыхчы Абдрахман Алымбаевдин (Баяс Турал) кыргыздарды арстанга, Кыргызстанда жашаган башка улут өкүлдөрүн чөөлөргө салыштырган. Анын негизинде КТРКда кызматтык териштирүү жүрүп аталган берүү эфирден алып салынган. (TSh)

XS
SM
MD
LG