Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:52

Женевада Йеменде тынчтык орнотуу боюнча сүйлөшүү башталат


Улуттур Уюмунун демилгеси менен Женевада Йемендеги кырдаалды жөндөө боюнча сүйлөшүү жаңжалдын бардык тараптарынын катышуусу менен өтөт.

Ага шиит козголоңчулар – хуситтердин жана алардын тарапташтары саналган экс-президент Али Абдалла Салехтин партиясынын өкүлдөрү катышат. “Хакк” социалисттик партиясынын мүчөлөрү дагы сүйлөшүүгө катышары айтылды. Президент Абд-Раббу Мансур Хадинин өкүлдөрүнөн турган делегация Женевага жекшембиде келген.

Март айында Сауд Аравия башында турган суннит өнөктөштөр хуситтер өлкөдөгү экинчи чоң шаар Аденди басып алгандан кийин козголоңчулар турган жерлерге абадан сокку ура баштаган. Аден хуситтердин колуна өткөндө Йемендин президенти Хади өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG