Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:37

Айдоочуну аткан жол-кайгуул кызматкери камалды


Ал Чүйдүн Москва райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Ага кызмат абалынан аша чапкандык беренеси боюнча айып тагылууда. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди.

Окуя 11-июндун түнүндө Москва районунда болгон. Эрежеге баш ийбеген айдоочу жол-кайгуул кызматкеринин огунан каза тапкан. Инспекторлор Бишкек - Ош жолунда светофордун кызыл жарыгынан өтүп кеткен айдоочуну токтотууга аракет кылышкан. “Ниссан Альмейра” унаасынын ээси жол-кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, катуу ылдамдыкта качууга аракет кылган. Алгач эскертүү иретинде ок абага атылган, экинчиси айдоочуга тийген.

Натыйжада 1992-жылкы айдоочу алган жараатынан улам ооруканада жан берген. Милициянын маалыматында машиненин ичинде мас абалындагы эки кыз жана бир бала болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG