Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:20

Акыйкатчы Таласта бала сатылган учур катталганын айтууда


Акыйкатчынын аппаратынан билдиришинче, Талас облусунун тургуну Бактыбек Жээналиев өзүнүн эки жаштагы баласын сатып жиберген.

Омбудсмендин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнө ушул жылдын 14-майында Гүлнара Миңбаева деген жаран кайрылган. Аялдын айтымында, эжеси Болотбек кызы Мунаранын күйөөсү Бактыбек Жээналиев эки жаштагы Абдували аттуу баласын сатып ийген. Баланын энеси Мунара Болотбек кызы бул боюнча милицияга кайрылган.

Учурда кылмыш иши козголуп, бала сатууга шектелген Жээналиевге издөө жарыяланды. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG