Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Тунистеги кагылышта үч полициячы мерт болду


Алар өлкөнүн борбордук аймагындагы көзөмөл-өткөрүү бекетинде исламчыл согушкерлер менен кагылышта каза тапкан. ТАР мамлекеттик агенттиги кагылышта бир согушкердин көзү тазаланып, экинчиси кармалганын бүгүн кабарлады.

Тунис күчтөрү жихадчыл топторго каршы өнөктүктү өлкө баш калаасындагы Бардо музейине март айында жасалган кол салуудан кийин күчөткөн.

Ал кол салууда мерт кеткен 22 адамдын көпчүлүгү чет өлкөлүк туристтер эле. Чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчул тобу өзүнө алган болчу.

XS
SM
MD
LG