Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

Футбол күйөрмандары жөө жүрүшкө чыгат


16-июнда Бишкекте өтчү Кыргызстан менен Австралиянын улуттук курамаларынын беттешин утурлай футбол күйөрмандарынын жүрүшү болот.

Кыргызстандын күйөрмандар кыймылынын өкүлү Чынара Сабырованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, күйөрмандар кечки саат беште Жеңиш аянтындагы өчпөс оттун жанына чогулушат. Бул күнү кыргыз курамасы оюн талаасына кызыл түстөгү кийим менен чыгат, андыктан уюштуруучулар күйөрмандарды да кызыл кийимчен келүүгө чакырууда. Жүрүштүн катышуучулары өчпөс оттун жанынан Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго чейин жөө барышат.

2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Австралиянын беттеши Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат сегизде башталат. Оюндун жүрүшүн Коомдук биринчи канал түз эфирде чагылдырат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG