Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:06

Улуттук банк күмүш коллекциялык монета чыгарды


Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей бүгүндөн тарта 10 сом номиналындагы “тоодак” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө берилди. “Тоодак” монетасы “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясын толуктайт. Монета Казакстандан үч миң тираж менен чыгарылган, баасы 2000 сом.

Сейрек кездешүүчү тоодак кушунун көркөм келбети монетанын алдыңкы бетине түшүрүлгөн жана түстү өзгөртүү технологиясы колдонулган. Ал эми арткы бетинде “Кыргызстандын кызыл китеби” сериясынын аталышы, жаныбарлар дүйнөсүнүн сүрөттөлүшү, герб жана монетанын чыккан жылы түшүрүлгөн.

Улуттук банк мындай коллекциялык монета өлкөнүн жаратылышын жана жаныбарлар дүйнөсүн даңазалоо максатында чыгарылганын билдирди. 1995-жылдан бери Улуттук банк 51 коллекциялык монета чыгарган. (TSh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG