Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

Президент Атамбаевге учак бергени айтылган Шор мэр болду


Молдова -- ишкер Илан Шор

Молдова -- ишкер Илан Шор

Молдованын жергиликтүү бийлик органдарына жекшембиде өткөн шайлоо добуштар орусиячыл жана европачыл партияларга дээрлик теңме-тең бөлүнгөнүн көрсөттү. Бул тууралуу Молдова шайлоо комиссиясынын өкүлү добуштардын 98,5 пайызы саналып бүткөндөн кийин билдирди. Баш калаа Кишиневдо азыркы мэр, либерал Дорин Киртоакэ да, орусиячыл социалисттер партиясынын өкүлү Зинаида Гречаная да жеңиш үчүн жетиштүү добуш ала алган жок. Эми баш калаага окшоп бир айлампа менен мэр шайлай албай калган башка бир катар шаарларда 28-июнда шайлоонун экинчи туру өтөт.

Орхей шаарында болсо буга чейин чуулуу иштер менен аты чыгып келген ишкер Илан Шор 60 пайыздан ашуун добуш менен мэрликке шайланды. 28 жаштагы бул ишкер буга чейин өлкөдөгү үч ири банктан миллиард доллар жоголушу боюнча ишке тиешеси бардыгы айтылып келген. Кыргызстанда болсо президент Атамбаевдин март айындагы чуулгандуу Молдова сапарын дал ушул Илан Шор уюштурганы айтылып, кыргыз президентинин дарегине бир топ сын пикирлер айтылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG