Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Бүгүн Кыргызстан менен Австралия футболчулары беттешет


Кыргызстан-Австралия беттешине даярдык.
Кыргызстан-Австралия беттешине даярдык.

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Австралиянын футболчулары менен беттешет. Оюн кечки саат сегизде башталат. Эки команданын беттеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтөт. Стадион 18 миң көрөрманга ылайыкташкан. Бардык орундар үчүн билеттер сатылганын Кыргызстандын футбол федерациясынан билдиришти.

Азиянын учурдагы чемпиону эсептелген Австралия курамасынын башкы машыктыруучусу Анже Постекоглоу журналисттердин суроосуна жооп берип жатып:

- Оюн күчтүү атаандаштыкта өтөт деп ишенем. Бул беттешке биз мыкты даярдандык. Жеңишке жетүү ниетибиз күч, - деди.

Кыргызстандык футболчулар да өз кезегинде өлкө намысын бийик деңгээлде коргойбуз деп убада беришүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG