Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Сирияда күрт күчтөрү Тел-Абад шаарын ээледи


“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу көзөмөлдөп турган Тел-Абад шаары жергиликтүү күрттөрдүн колуна өттү. Буга АКШ куралдуу күчтөрүнүн абадан урган соккулары жардам бергенин расмий кабарланды.

Бирок калаадагы көчөлөргө согушкерлер мина орноткон болушу ыктымал, азырынча абал кооптуу болгондугуна байланыштуу аскерлер тургундарды көчөгө чыкпоого үндөп жатат. Адистер миналарды издөө иштерин жүргүзүүдө.

Тел-Абад Сириянын Ракка шаары менен Түркиянын ортосунда жайгашкан. Ракка учурда “Ислам мамлекети” тобунун де-факто борбору катары айтылып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG