Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Кыргызстан Кытайдын “Экономикалык жибек жолу” демилгесин колдойт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Валерий Диль “Кытай-Борбор Азия” аттуу форумдун алкагында Кытайдын Коммунисттик партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мэн Цзяньчжу менен жолугушууда билдиргенин 16-июнда өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда ошондой эле энергетика, айыл чарбасы, тоо кен, инфраструктура жана транспорт тармактарында Кыргызстанда аткарылып жаткан долбоорлорду улантуу макулдашылган.

Эки тарап “Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолун, Бишкек жылуулук борборун модернизациялоо үчүн кезектеги насыялык документтерге кол коюшкан. Форум Кытайдын Жичжао шаарында болгон. (AiT)

XS
SM
MD
LG