Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:13

23кө чыга элек кыздарды өлкөдөн чыгарбоо маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңеште 23 жашка толо элек кыздарга өлкөдөн чыгууга тыюу салуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Мындай демилге менен депутат Турсунбай Бакир уулу чыкты.

Депутат ага Кореяда иштеген мигранттар кайрылып, бул өлкөгө барган кыргызстандык кыздардын саны мурдагыдай эле көп болуп жатканын айтышканын белгилеп, көпчүлүгү корей улутундагыларга турмушка чыгып жатканын кошумчалады. "Биз нике агенттиктерине тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алганбыз. Бирок ал иштебей жатат", - деди Бакир уулу.

Мындан эки жыл мурда парламент кыздардын чет өлкөгө чыгышын чектөө боюнча токтом кабыл алган.

Токтомдун демилгечиси болгон депутат Ыргал Кадыралиева бул аркылуу миңдеген кыздарды эмгек жана сексуалдык кулчулуктан, алдамчылардын колуна түшүп калуудан коргой тургандыгын билдирген. Анын айтымында, буга чейинки долбоордо кыздардын жашы 22 жашка чейин деген чектөө бар болчу. Бирок көптөгөн талкуулардан соң бул чектөө алынган.

Буга чейин бир катар укук коргоочу жана эл аралык уюмдар - мындай демилге адам укугун чектеп, Баш мыйзамга каршы келет деп билдирүү тараткан. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG