Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:27

Бишкекте Борбор Азиядагы коопсуздук талкууланды


16-июнда Бишкекте “Борбор Азия гибриддик согуш болуучу талаалардын бири: Бийлик жаңы чакырыктарга даярбы, анын ичинде “Талибан”, "Ислам мамлекети" тарабынан келе турган коркунучтарга?” деген темада талкуу болду. Ага расмий бийлик өкүлдөрү жана талдоочулар катышты.

Башкы штабдын башчысынын орун басары Ильяс Субанкулов кыргыз бийлиги өлкөдө болуп кете турган ар кандай опуртал окуяларга каршы туруу үчүн атайын программа иштеп чыкканын билдирди. Ал программанын алкагында Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Коргоо министрлиги ар кандай массалык башаламандыкты, сырттан террордук кол салууларды тизгиндөө максатында биргелешип иш жүргүзүп жатышат.

Талдоочулар Батыш менен Орусиянын тирешүүсү, Украинадагы куралдуу жаңжал, "Ислам мамлекети" террордук тобуна жаштардын тартылып жатышы кооптуу кырдаалдын өсүп келатканын айгинелейт деп, аларга дыкаттык менен көңүл буруу зарылдыгын белгилешти. (AiT)

XS
SM
MD
LG