Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Кытай талаш аралдардагы курулушту жакын арада аяктайт


Кытай өздөштүрүп жаткан Спратли аралы. 21-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.
Кытай өздөштүрүп жаткан Спратли аралы. 21-май, 2015-жылы тартылган сүрөт.

Түштүк Кытай деңизинин талаш аралдарды өздөштүрүү боюнча буга чейин башталган долбоорлору алдыдагы күндөрү аягына чыгарыларын Кытайдын Тышкы иштер министрлиги бүгүн билдирди. Бирок бул курулуш ушуну менен эле токтойт дегенди туюндурбайт. Кытай алдыда деңиздеги куткаруу жана издөө, иликтөө жана башка иштер үчүн зарыл инфраструктураны курарын да айтууда.

Бээжиндин ырастоосунда, алар Түштүк Кытай деңизиндеги аралдарды өздөштүрүү менен жарандык гана максаттарды көздөйт, үчүнчү тараптарды бутага албайт. Ага катар Кытайдын чаралары деңизден ары-бери каттоо эркиндигине терс кесепетин тийгизбейт, ал аралдардын үстүнөн эркин учуу жагы камсыздалат.

Буга чейин белгилүү болгондой, Бээжин Түштүк Кытай деңизиндеги Спратли жана Парасел аралдарында учуу-конуу тилкесин курууда.

Кытайдын бул бир тараптуу аракети анын Вьетнам, Филиппин өңдүү коңшуларынын жана Кошмо Штаттардын нааразылыгын жараткан. Кытай Түштүк Кытай деңизинин кеминде 90% өзүнүкү катары санайт. Бирок деңиздин айланасындагы Бруней, Малайзия, Тайван, Вьетнам, Филиппин сыяктуу өлкөлөр буга макул эмес. (UE)

XS
SM
MD
LG