Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Египеттин мурдагы президенти Мурси өмүр бою эркинен ажыратылды


Мурдагы президент Мурси сотто. 18-август, 2014-жыл.
Мурдагы президент Мурси сотто. 18-август, 2014-жыл.

Египеттин соту Мохаммед Мурсини бүгүн чет элдик топтордун пайдасы үчүн тыңчылык кылган деген айыптын негизинде өмүр бою эркинен ажыратты. Египетте өмүр бою түрмө жазасы адатта 25 жыл.

Мурдагы президент чет элдик топтордун пайдасы үчүн тыңчылыкка барган дегенде сот Палестинадагы “Хамас”, Ливандагы “Хезболла” топторун жана Иранды эске алды.

Каирдин соту бүгүн ошондой эле башка он алты айыпкерге, көбүнесе Мурсинин “Мусулман агаиндер” партиясынын мүчөлөрүнө чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырды. Алар 2005-2013-жылдары жашыруун документтерди четке чыгарышкан деп айыпталышкан. Алдыда бул өкүмдөрдү апелляцияга берүүгө болот.

Армия Египеттин демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти Мохаммед Мурсини 2013-жылы июлда, ага каршы массалык нааразылык акциялар учурунда бийликтен кулаткан. Ал буга чейин кыянатчылыкты козуткан деген айыптын негизинде 20 жылга кесилген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG