Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:31

Молдовадагы жергиликтүү шайлоодо европачыл партиялар алдыга чыкты


Соңку эсептерге караганда, шаарлар менен шаарчалардын жана айыл-кыштактардын кеңештериндеги орундардын 56,5% европачыл партиялар, 31,5% орусиячыл партиялар алды.

Орундардын калганы көз карандысыз талапкерлерге таандык.

Азыркы жергиликтүү шайлоо Молдова Европага интеграциялануу боюнча милдеттенмелерин уланта алары же Орусияны көздөй ыктарынын да белгиси болду.

Европачыл партиялардын альянсына кирген Либерал-демократиялык партия жана Молдованын Демократиялык партиясы шаар, шаарча, айыл- кыштактардын 348синде башкаруу укугун алуууда.

Калган 56 муниципалитеттин башчылыгы орусиячыл партияларга, 34ү көз карандысыз талапкерлерге тийди.

Бир катар жерлерде алдыдагы эки апта ичинде шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. (UE)

XS
SM
MD
LG