Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

Орусия континенттер аралык ракеталарын жаңылайт


Путин "Армия -2015" форумунда сүйлөөдө. 16-июнь, 2015-жыл.
Путин "Армия -2015" форумунда сүйлөөдө. 16-июнь, 2015-жыл.

Орусиянын өзөктүк арсеналына континенттер аралык баллистикалык ракеталардын жаңы 40 даанасы кошуларын президент Владимир Путин бүгүн жарыялады.

Орус президенти бул тууралуу Москва облусунда “Армия -2015” деген эл аралык аскерий –техникалык форумдун ачылышында айтты.

Путиндин ырастоосунда, жаңы ракеталар ракетадан коргонуунун жаңы заманбап системаларынын “кайсынысы болбосун” бузуп өтө алат.

Орус президенти ошондой эле армия алдыда жаңы куралдардын бир нече түрүн, анын ичинде Армата танктарын, брондуу унааларды да аларын, “батыш стратегиялык зонасына” мониторинг жүргүзүүчү жаңы радарды да сынактан өткөрөрүн кошумчалады. (UE)

XS
SM
MD
LG