Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:19

Австралия күйөрмандары кыргыз футболчуларынын оюнун жогору баалашууда


Австралия-Кыргызстан мелдеши. Бишкек, 16-июнь, 2015-жыл.

Австралия-Кыргызстан мелдеши. Бишкек, 16-июнь, 2015-жыл.

Австралиялык foxsports.com.au интернет баракчасы Бишкектеги бүгүнкү мелдешке тушташ жарыялаган жандуу блогдо бул өлкөнүн күйөрмандары тарабынан кыргыз футболчуларынын оюнуна карата негизинен оң пикирлер айтылып жатат.

Маселен, Daniel Carb ысымдуу күйөрман “Кыргызстан ойной алат экен”, кыргыз оюнчулар “Австралияга террор көргөзүүдө” деп жазса, Ned Zelic ысымдуу күйөрман “Бишкектеги күрөш жакшы маанайда ургалдуу жүрүп жатканын”,-белгилейт.

Австралиялык адистердин эсебинде, оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык оюнчулар топту биринен экинчисине 144 жолу узатса, австриялыктар топту биринен экинчисине 279 жолу өткөрдү.

Биринчи айлампада топ бир оюнчудан экинчиге өткөрүлгөн учурлардын 79% кыргызстандыктар, 84%ын австралиялыктар так аткарышты.

Кыргызстан – Австралия курамаларынын бүгүнкү мелдеши 2018-жылдагы дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтүүдө.

Кыргызстан курамасынын Азия чемпиону Австралия менен алгачкы беттеши жергиликтүү күйөрмандар арасында чоң кызыгууну жаратып, колдон сатылган билет баасы бүгүн миң сомго чейин чыкты.

Шаардык милиция оюндун коопсуздугун камсыздоого 2000дей кызматкер тартыларын билдирген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG