Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:18

Ак үй “ал-Каиданын” экинчи адамы жок кылынганын ырастады


Нассер ал-Вайши. 2012-жылы Йеменден тартылган сүрөт.

Нассер ал-Вайши. 2012-жылы Йеменден тартылган сүрөт.

“Ал-Каида” лидеринин орун басары Нассер ал-Вайши Йеменде жок кылынышын Ак үй бул террордук түйүнгө урулган “олуттуу сокку” катары баалады.

“Президент АКШга коркунуч туудурган террорчулар дүйнөнүн эч бир бурчунан коопсуз жай таба албасын ачык айткан”,- деп белгиленет Ак үйдүн билдирүүсүндө.

Ак үйгө чейин алардын Араб жарым аралындагы лидери Нассер ал-Вайши АКШнын аба соккусунан мерт болгонун “ал-Каида” өзү да ырастаган.

Уюмдун Йемендеги бөлүмүнүн өкүлү Халид Батарфинин айтымында, Нассер ал-Вайши “ал-Каиданын” башка эки мүчөсү менен бирдикте “АКШ соккусунан” мерт болду.

Халид Батарфи шейшембидеги билдирүүсүндө кошумчалгандай, Араб жарым аралындагы “ал-каидачылар” чогулуп, ал-Вайшинин ордуна лидерликке мурдагы аскерий башчы Кассим ал-Раймини дайындашты.

Германиянын ДПА агенттигинин маалыматына караганда, учкучсуз башкаруудагы учак “ал-Каида” лидерине каршы соккуну Мукалла шаарында 12-июнда жасаган.

Нассер ал –Вайши “ал-Каиданын” Айман ал-Завахриден кийинки жана Араб жарым аралын тейлеген экинчи кол башчысы болчу.

АКШ аны издөө салынган террорчулардын тизмесине киргизген. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG