Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:22

Журналист Исманалы Муратов каза болду


Исманали Муратов
Исманали Муратов

"Марал" радиосунун Ош шаарындагы бөлүмүнүн жетекчиси, журналист Исманалы Муратов узакка созулган оорудан улам 16-июнь күнү көз жумду. Бул тууралуу жакындары кабарлашты. Маркум 26 жашта болчу.

Альвеококкоз дарты менен жабыркап жүргөн Исманалыга бир ай мурун Индиянын борбору Дели шаарында операция жасалып, боору алмаштырылган эле.

"Меданта" клиникасында өткөн 16 сааттык операция ийгиликтүү болуп, Исманалыга кайнатасы Турдубек Саитовдун жарым боору салынган. Жакында Кыргызстанга келген журналист абалы жакшы экендигин айткан болчу.​ ​Операцияга жалпы 60 миң доллардан ашык каражат сарпталган.

Дарылануу үчүн каражат топтоо максатында достору IsmanLife акциясын уюштурушкан эле. Базарларда кофе-чай сатып, ырдап акча чогултушкан. Кийин "Элим барсыңбы?" коомдук фонду тарабынан Ош шаарында кайрымдуулук концерти да өткөн. Мечиттерден каражат чогултушкан. Жалпы 56 миң доллардай акча топтолгон эле. (SE)

XS
SM
MD
LG