Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Өкмөт үйүндө тамеки тартууга тыюу салынды


Өкмөттүк аппараттын башчысы Нурханбек Момуналиев Өкмөт үйүндө тамеки тартууга тыюу салган буйрук чыгарды. Андан мурдараак премьер-министр “Коомчулуктун саламаттыгы жөнүндө” мыйзам так аткаралышы зарылдыгын эскерткен болчу. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргиндей, тамеки чеккендер үчүн имараттын сыртына атайын жай каралды.

Ушундай эле буйрук чыгарып, аны ишке ашыруу бардык министрликтерге жана мамлекеттик ишканаларга милдеттендирилди. (SE)

XS
SM
MD
LG