Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:56

Жогорку Сотто “Бир дүйнө-Кыргызстан” боюнча иш каралат


Бүгүн Жогорку Сотто “Бир дүйнө-Кыргызстан» укук коргоо уюмунун Оштогу адвокаттарына байланыштуу иш каралат. Ош облустук прокуратурасы аталган уюмдун кеңсесин күч кызматкерлери тинтүүгө алуусу мыйзамдуу экендигин далилдөө максатында сотко кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Бир дүйнө-Кыргызстандын» жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирди.

27-мартта уюмдун Оштогу кеңсесинде жана адвокаттар Валерьян Вахитов менен Хусанбай Салиевдин үйүндө УКМК кызматкерлери тинтүү жүргүзүп, ноутбук, флеш-карта, диктофон, дисктерди алып кеткен. Муну атайын кызмат шек жараткан америкалык журналист Умар Фаруктан аталган уюмдун кызматкерлеринин визиттик карталары табылганы менен байланыштырган.

Апрелдин соңунда Ош облустук соту бул тинтүүнү мыйзамсыз деп тапкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG