Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:17

Санарип форматка өтүүгө арналган иш-чара бүгүн Бишкектеги мамлекеттик Байланыш агенттигинде болот. Өкмөттөн “Азаттыкка” кабарлашкандай, бир жыл бою аналог сигналдары да иштей берет. Келерки жылдын июнунда толук өчүрүлөт. Эл аралык келишимге ылайык, Кыргызстан ушул айда санарипке толук өтүшү керек болчу.

Аталган форматтын бир социалдык пакетине 15 канал киргизилет. Бул үчүн өкмөт 200 миллион сом бөлгөн. Анын 100 миллиону 8 каналга 10 миллион сомдон бөлүнүп, керектүү жабдууларды сатып алууга жумшалган. Калган 100 миллион сом контент толтуруу үчүн каралган.

Коңшу Казакстан санарип берүүлөрдү 2012-жылы иштете баштаган. Өзбекстан жыл соңуна чейин өтүү аракетинде. Ал эми Орусия 2010-жылдан бери санарипте. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG